Кечээ, 30-майда Ошко Екатеринбургдан учак менен кыргыз жарандары учуп келди. Бул тууралуу коронавируска каршы республикалык штабдан билдиришти.
Маалыматка караганда, Ош эл аралык аэропортунда 233 мекендешибизди тосуп алышкан.
“Бул каттам менен ден-соолугунун мүмкүнчүлүгүнөн чектелгендер, кары-картаңдар, оор илдеттери барлар, кош бойлуу айымдар жана балалуу энелер ошондой эле оор кырдаалга кабылган жарандар кайтып келишти. Жүргүнчүлөрдүн тизмеси жарандардан келип түшкөн кайрылууларды, Урал федералдык округундагы шаарлардын жана аймактардын кыргыз диаспораларынын сунуштарын эске алуу менен түзүлгөн. Ошондой эле, көрсөтүлгөн категориядагы адамдарда эпидемиологиялык жагдайдан улам ишке ашырылбай калган “Урал авиа каттамдары” компаниясынын каттамдарына мурда сатып алынган авиабилеттердин бар экендиги эске алынган, алар эпидемиологиялык жагдайдан улам ишке ашырылган эмес. Келген жарандардын бардыгы обсервацияга жаткырылды” – деп билдирди штабдан.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ