Бүгүн, 31-майга карата Кыргызстанда дагы 26 адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу КР Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев өкмөттүк онлайн-брифингде билдирди.
Жаңы учурлар: Бишкек шаарынан – 7, Чүй облусунан – 3, Нарын облусунан – 12, Ош облусунан – 1, Ош шаарынан – 3. 26 учурдун ичинен экөө сырттан келгендер. Ал эми 23 адам тыгыз байланышта болгондор.
Муну менен өлкөдө ооругандардын жалпы саны 1748ге жетти. Алардын ичинен:
– Жалал-Абад облусунда — 162 адам;
– Ош облусунда — 218 адам;
– Ош шаарында — 182 адам;
– Бишкек шаарында— 436 адам;
– Нарын облусунда — 358 адам;
– Чүй облусунда — 127 адам,
– Баткен облусунда — 29 адам;
– Ысык-Көл облусунда — 14 адам.
– Чет өлкөлөрдөн келген жарандар – 222
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ