Өзбекстандын Навои облусундагы Карманин районунун 38 жаштагы тургуну үйүнүн түрттүрүлгөнүнө нааразылык билдирип, облустук акимчилик имаратынын алдында өзүнө өрт коюуга аракет кылды.
28-майда Telegram мессенджерине жарыяланган видеодо ал акимдин чыгышын талап кылып, үстүнө бензин чачканын көрүүгө болот.
«Жаныма келбегиле, өзүмдү өрттөп жиберем. Аким келсин бул жерге. Мен үй-жайсыз калдым», — деген ал имараттын күзөтчүлөрүнө кайрылып.
Карманин райондук акимчилигинин капиталдык курулуш маселелери боюнча кызматкери нааразылык билдирип чыккан тургундун үйү мыйзамсыз курулгандыктан, 26-майда түрттүрүлгөнүн билдирди.
– Ал акимчиликке тиешелүү жерге мыйзамсыз үй куруп алган. Биз жылдын башынан бери үйүңдү буз деп айтып, соттун чечими менен тааныштырганбыз. Райондук сот 25-мартта үйдү мыйзамсыз деп таап, түрттүрүлсүн деген чечим чыгарган», — деди акимчилик өкүлү.
Өзбекстанда буга чейин да жарандар мыйзамсыздыкка жана адилетсиздикке каршылык билдирип өздөрүнө өрт койгон учурлар болгон.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ