Казакстандын эмгек жана калкты социалдык жактан коргоо министри Биржан Нурымбетовдун агасы Тимуржан Нурумбетов коррупцияга байланыштуу чырдан кийин Жамбыл облустук иш менен камсыздоону координациялоо жана социалдык программалар башкармалыгынын башчылыгынан кетти.
Бул тууралуу KazTAG агенттиги кабарлады.
Буга чейин “Время” басылмасы Тимуржан Нурымбетов тогуз миллион теңге (22 миң АКШ доллары) пара алууга шектелип жатканын кабарлаган.
Тимуржан Нурымбетовго каршы Кылмыш кодексинин “Ири өлчөмдө пара алуу” беренеси боюнча сотко чейинки тергөө иштери башталды. Казакстандын мыйзамдарына ылайык, сотко чейинки тергөө маалыматтарын жарыялаганга болбойт.
Тимуржан Нурымбетов – Эмгек жана калкты социалдык жактан коргоо министри Биржан Нурымбетовдун бир тууган агасы. Ал 54 жашта, кесиби – инженер-технолог.
Нурымбетов 2013-2019-жылдары Жамбыл облусунун акимчилигинин аппарат башчынын орун басары болгон. 2019-жылы Жамбыл облустук иш менен камсыздоону координациялоо жана социалдык программалар башкармалыгынын башчылыгына дайындалган.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ