Полиция кызматкерлеринин колунан каза тапкан дарыгер-онколог Хуршед Бобокалоновдун апасы Саодат Кулиева уулунун өлүмү боюнча БУУнун Адам укуктары комитетинин расмий кортундусун алды.
БУУнун Адам укуктары боюнча комитети Душанбени үч ай ичинде дарыгердин ишин кайра тергөөгө алып, апасына кун төлөп берүүгө чакырган.
Душанбедеги республикалык онкологиялык борбордун дарыгери болуп иштеген Хуршед Бобокалонов 2009-жылы кайтыш болгон.
34 жаштагы дарыгер 27-июнь күнү кечинде спорт залынан чыккандан кийин калаадагы кафелердин биринде курсташтары менен жолуккан. Кездешүүдөн кийин көчөдө такси күтүп турганда жанына полиция кызматкерлери келип, күч менен бөлүмгө алып кетишкен.
Кийинки күнү ал көз жумган. Тажикстан ИИМинин расмий маалыматы боюнча дарыгер жүрөгү кармап каза тапкан.
Маркумдун апасы уулу ур-токмоктон көз жумганын айтып келет.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ