Өлкөдө акыркы бир сутка ичинде коронавирус илдетинен 38 адам айыгып, ооруканадан чыгарылды. Бул тууралуу бүгүн, 2-июнда өкмөттө өткөн онлайн-брифингде Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.
Анын айтымында, кайталап алынган анализдердин жыйынтыгы таза чыккандар үйлөрүнө жиберилген.
Оорудан айыккандар:
– Бишкек шаарынан – 18 адам;
– Нарын облусунан – 6 адам;
– Ош шаарынан – 6 адам;
– Ош облусунан – 6 адам;
– Жалал-Абад облусунан – 2 адам.
Муну менен республика боюнча 1219 адам коронавирустан айыгып үйлөрүнө чыгарылды.
Булак: «KyrgyzToday»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ