Кечээ, 1-июнда Ысык-Ата районуна караштуу Кант шаарында 3 унаанын катышуусунда жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу видеотасма социалдык тармактарга тараган. Аны күбөлөр тартып алган.
Маалыматка ылайык, жол кырсыгы болжол менен 17:00дөр чамасында катталган. Бул жол кырсыгынан 2 адам жабыркап, ооруканага жеткирилген. Каза болгондор жок. Кырсыкка “Honda Odyssey”, “ВАЗ 2107” жана “Hyundai” автоунаалары кабылган. Учурда кырсыктын келип чыгуу себептери такталууда.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ