Menu

Казак чек арасындагы көйгөйлөргө байланыштуу тармактык комитет ЕАЭБ маселелерин талкуулаган жок

Бөлүшүү:

Бүгүн, 2-июнда Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети ЕАЭБге байланыштуу бардык маселелерди күн тартибинен алып салды.

Депутат Каныбек Иманалиев кесиптештерине кыргыз-казак чек арасындагы көйгөй жөнүндө маалымдап, өкмөткө тез арада ЕАЭБдин катчылыгына нота жиберүүнү сунуш кылды.

“Казакстандын чек арасында жүк ташуучу автоунаалар үчүнчү күн өтө албай турушат. Мен комитетке Евразия экономикалык бирлигинин алкагындагы эл аралык иш-аракеттерге байланыштуу бардык маселелерди күн тартибинен алып салууну сунуш кылам. Комитетте каралыш үчүн премьер-министр өзү келсин. Ойлоп көрсөңүздөр, эки мамлекет биздин чек араларды тебелеп-тепсеп жатышат, а үчүнчү мамлекет биздин өндүрүүчүлөрдү тепсеп жатат, ал эми премьер-министр эс алууда жүрөт. Мындан тышкары, мамлекеттик чек арадагы кырдаал чечилгенге чейин ушул уюмга байланыштуу бардык маселелерди кароону кийинкиге калтыруу керек деп эсептейм” – деп билдирди депутат.

Депутаттар кесиптешин бир добуштан колдоду.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 19 + = 20

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: