Бүгүнкү күндө каза болгондордун саны 20га жетти. Бул тууралуу бүгүн, 3-июнда КРнын Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев өкмөттүк онлайн-брифингде билдирди.
Анын айтымы боюнча, өлкөдө дагы 3 жаран бул оорудан каза болду. Алар Ош облустук бириктирилген ооруканасынан 2 бейтап 59, 55 жаштагы эркек кишилер жана Нарын облустук ооруканасында 84 жаштагы эркек киши.
Белгилей кетсек, бүгүн, 3-июнга карата Кыргызстанда дагы 26 адамдан коронавирус аныкталды. Жаңы учурлар: Бишкек шаарынан – 16, Нарын облусунан – 7, Ош облусунан – 1, Баткен облусунан – 1 катталган. Муну менен өлкөдө ооругандардын жалпы саны 1871ге жетти.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ