Menu

Закир Шарапов: “Кубатбек Боронов өзбек премьер-министри Арипов менен эмнени сүйлөшкөнүн бизге ачык-айкын айтышы керек”

Бөлүшүү:

Бүгүн, 3-июнда КРнын Жогорку Кеңешинин жыйыны өтүүдө. Анда депутат Закир Шарапов биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов өзбек тарап менен жүргүзгөн сүйлөшүүсү тууралуу айтышы керектигин билдирди.

“31-майда Кадамжай районунда болуп өткөн чек ара талаш маселеси тууралуу айтып кетейин. 1-июнь күнү гана биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов менен жолугушуу өткөрүп, сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Андан кийин Боронов жергиликтүү тургундар менен жолугушкан. Экинчи тарап Сох районунун жашоочулары менен жолугуп жатканда “Былтыр 30-августта Сох-Риштан жолунун коридорун ачтык эле эки күн иштебей жаап салышты. Ошон үчүн кыргыз өкмөтүнөн келген өкүл Өзбек Республикасынан кечирим сурады” деп айтып жатат. Биз эмнеге кечирим сураш керекпиз? Өзүбүздүн чек араны ачып, жапканга кечирим сураганга милдеттүү эмеспиз да. Андан сырткары айтып жатат кыргыз тарап Өзбек-Кыргыз чек арасында Сох-Риштам жолун тез аранын ичинде ачып бергенге сөз берди деп жатат. Кубатбек Боронов өзү келип, депутаттардын, жалпы элдин алдында ачык-айкын кандай сөз болгонун айтып берет деп ишенем”, – деди Шарапов.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 84 − 81 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: