Menu

Алай районунда 314 адам ӨКМ өткөргөн көчмө окуудан өтүштү

Бөлүшүү:

2016-жылдын  13-14-сентябрь күндөрү, Жарандык коргонуу адистерин даярдоо жана кайра даярдоо борборунун аймактык кафедрасынын окутуучулары тарабынан, Ош  облусунун Алай районунун Гүлчө жана Корул айыл аймактарынын  потенцалдуу коркунучу бар айылдарынын тургундарына  өзгөчө кырдаалдар учурунда  жүрүм-турум эрежелери, сактануу ыкмалары жана турмуш тиричилик коопсуздугунун негиздери боюнча окуулар  өткөрүлдү. Бул тууралуу КР ӨКМнин басма сөз кызматы билдирди.

Көчмө окуулардын негизги максаты: алыскы потенциалдуу кооптуу аймактарда жашаган  калкка табигый, техногендик өзгөчө кырдаалдар боюнча маалыматтарды так тушундуруу,  өзөчө кырдаалдар катталган учурларда өздөрүн туура алып жүрүү эрежелери жана өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу иш-чаралары боюнча   маалыматтарды берүү.

Аталган окууларга жергиликтүү медицина кызматынын өкүлү катышып өзгөчө кырдаалдар учурундагы алгачкы медициналык жардам көрсөтүүнүн жолдорун үйрөтүштү. Ал эми  өрткө каршы кызматынын өкүлү,  өрт коопсуздугун алдын алуу  боюнча түшүндүрмө берди. Элеттиктерди окутууга участкалык милиция бөлүмүнүн кызматкерлери катышып, социалдык мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдар (кылмыштарды жана терроризмди алдын алуу жолдору) боюнча лекция түрүндө маалыматтарды беришти. Окутуунун жүрүшүндө жергиликтүү жашоочулар өздөрун кызыктырган суроолорду беришип тиешелүү жоопторду алышты.

Окуунун соңунда айылдык аймактагы   мектептерге  “Коопсуз  мектеп” колдонмосу жана таркатуу материалдары берилди.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 50 = 51

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: