Menu

Депутат Дастан Бекешев окуучулар үчүн тартылган видеосабактар кызыксыз болгонун айтты

Бөлүшүү:

Бүгүн, 3-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Дастан Бекешев мектеп окуучулары үчүн даярдалган видеосабактар кызыксыз болгонун айтты.

“Видеосабактар кызыксыз болуп, аны угуу мүмкүн эмес болгон. Бала эмес, чоң кишилер көңүл буруп отуруу кыйын. Мен Россияда кандай видеосабактар даярдалганын көрдүм. Аябай кызыктуу, графика менен даярдалган. Силерге Эл аралык уюмдар жардам берип жатышты. Кызыктуу кылууга болбойт беле?”,- деди Бекешев.

Билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекованын айтымында, окуучулар үчүн электрондук ресурстар иштелип чыккан. Бирок тилекке каршы видеосабактар 4-чейректин программасы боюнча толук тартылбай калган.

“Эки жуманын ичинде коронавирус инфекциясынан коркпой видеосабак тартканга макул болгон мугалимдердин тобун түзгөнбүз. Кызыктуу сабактар да болгон, сиз айтып жаткандай дагы сабактар болду. Мен мугалимдердин ишине ыраазымын. Кемчиликтерди эске алуу менен сапаттуу видеосабактар тартылат”,- деди Жусупбекова.

Булак: «KyrgyzToday»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 4 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: