“Эгер бизнесмен муктаж үй-бүлөгө автоунаа берсе, анда аларга жөлөк пул төлөнбөйбү?”,- деп сурады депутат Бактыбек Турусбеков бүгүн, 3-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында Эмгек жана социалдык өнүгүү министри Улукбек Кочкоровдон.
Министр аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жеңилдиктер бериле турган критерийлер бар экенин айтты.
“Бул аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө төлөнчү жөлөк пул. Аз камсыздуулуктун критерийлери бар. Эгерде 2020-жылы чыккан “Лексус” унаасы бар болсо, биз аларга жөлөк пул төлөсөк анда туура эмес болуп калат”,- деп жооп берди Улукбек Кочкоров.
Ал эми Бактыбек Турусбеков “Эгерде жетим балага берилсечи”,- деп сурады.
Улукбек Кочкоровдун айтымында, жетим балдарга эч кандай чектөөлөрсүз керектүү жөлөк пулдар берилет.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ