Menu

КР Жазык-процесстик кодексине өзгөртүүлөр киргизилди

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков «КР Жазык-процесстик кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына кол койду.

Аталган мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2020-жылдын 30-апрелинде кабыл алынган.

Мыйзам үй-бүлөлүк зомбулук фактыларын болтурбоо боюнча кечиктирилигис чараларды көрүү максатында кабыл алынган.

Аталган өзгөртүүлөр менен жабырлануучунун жана башка үй-бүлө мүчөлөрүнүн же аларга теӊдештирилген адамдардын коопсуздугун камсыздоо максатында үй-бүлөлүк зомбулук жасоого шектүү адамды 48 саатка чейин кармоо чарасы каралган.

Тактап айтканда, 504-берене толукталган, 3-1-бөлүк менен үй-бүлөлүк зомбулук жасагандыгы боюнча шектелген адам төмөнкүдөй негиздер болгондо кармалышы мүмкүн:

1) эгерде жабырлануучунун жана башка үй-бүлө мүчөлөрүнүн же аларга теӊдештирилген адамдардын өмүрүнө жана ден соолугуна шектүү адам тарабынан  реалдуу коркунуч бар болсо;

2) эгерде шектүү алкоголго жана анын башка түрүнө мас абалында болсо жана ал жабырлануучу жана башка үй-бүлө мүчөлөрү же аларга теӊдештирилген адамдар үчүн коркунуч келтирип жатса;

3) эгерде шектүү жабырлануучуну жана башка үй-бүлө мүчөлөрүн же аларга теӊдештирилген адамдарды кордоону, аларга коркунуч келтирүүнү, уруп-сабоону, шылдыӊдоону, басмырлоону улантат деп болжогонго мүмкүндүк берүүчү негиздер бар болсо.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: