Menu

Генпрокуратура: “Бишкек парктын” дааратканасында зордукталган 13 жаштагы кыздын иши сотто каралып жаткандыктан комментарий берүү туура эмес

Бөлүшүү:

“Кыргызстанда сотторду реформалоо боюнча мыйзамдар кабыл алынган. Бирок, кечээ “сот 13 жаштагы кызды зордуктоого шектелген жаранды бошотуп жиберди” деп айтылганына күбө болдук”, – деп билдирди бүгүн, 5-июнда депутат Марлен Маматалиев “Республика – Ата-Журт” парламенттик фракциясынын жыйынында.

“Жакында комитеттин жыйынында Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Улукбек Кочкоров жаш балдарды зордуктоо боюнча 11 факт бар экенин айтып берген. Өзгөчө, кечээ чыккан маалымат боюнча Башкыпрокуратура айтсаңар, эмне себептен шектүүлөр боштондукка чыгып кетип жатат. Бул бизге белгилүү болгону эле, а билинбегени канча?” – деп сурады депутат.

Генпрокурордун орун басары Нурлан Дүйшембиев ЖМКларда Жогорку Соттун чечими жарыяланганын, учурда иш каралып жатканын билдирди.

“Каралып жаткан ишке комментарий берүү туура эмес болуп калат. Туура, мындай фактылар бар, мыйзамдарды да өнүктүрүү керек”, – деп билдирди Нурлан Дүйшембиев.

Белгилей кетсек, кечээ, 4-июнда депутат Айсулуу Мамашова сот 13 жаштагы кызды “Бишкек парктын” дааратканасында зордуктаган 22 жаштагы баланы сот эркиндикке чыгарып койгонун парламенттик жыйында айтып чыккан.

Жогорку Соттун билдирүүсү боюнча, Биринчи май райондук соту тарабынан айыпталуучу Б.Ш. ишинде кылмыштын курамы жоктугу үчүн акталган. Бишкек шаардык соту өкүмдү күчүндө калтырган.

Учурда Бишкек шаардык прокуратурасынын кассациялык арызына ылайык, кылмыш иши Жогорку Сотто каралып жатат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 66 − 64 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: