Жогорку соттогу бош кызмат орундарына жарыяланган сынак жыйынтыкталды. 4 бош орунга 25 талапкер ат салышкан.
Талапкерлер жазуу түрүндө тапшырмаларды аткарып, маектешүү жүргүзүлдү. Сынактык тандоого 44 талапкер документ тапшырган. Алардын ичинен 21 талапкер учурда судья, 18 талапкер судьялык стажга ээ, 2 талапкер буга чейин тестирлөөдөн өтүп, бири босого упай топтосо, бири топтой алган эмес.
Ошондой эле документтер каралгандан кийин Судьяларды тандоо кеңеши сынактык тандоого 8 талапкерди өткөргөн жок. 10 талапкер болсо сынакка катышуудан баш тартты.
Жогорку соттун судьясы кызматына талапкер Кыргызстандын жараны болуп, жаш курагы 40тан кем эмес болушу керек. Ошондой эле 70 жаштан өйдө болбошу шарт.
Бул сынакта 4 адам 60 тан ашык бал алды.
Жоомартов Күмүшбек Рысбекович – 61, 558
Атаназаров Нурланбек Алайдинович – 61, 334
Гилязетдинова Инара Ильгизовна – 61,223
Эшалиев Нурманбет Касымбекович – 60,556
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ