Menu

Баткен жана Фергана облустарынын башчылары жолукту

Бөлүшүү:

9-июнда Баткен шаарында Өзбекстандын Фергана облусунун башчысы Шухрат Ганиев менен Баткен облусунун башчысы Алишер Абдрахманов жолугуп, эки тараптуу мамилелерди талкуулашты.

Фергана облустук акимчилигинен кабарлашкандай, жолугушууга чек ара, бажы жана атайын кызматтардын жетекчилери, ошондой эле аймактык прокурорлор менен өкмөт мүчөлөрү катышты.

«Кыргыз делегациясынын мүчөлөрү жарандардын Сох анклавына жана Шохимардон, Ёрдон айылдарына эркин кирип-чыгуусуна эч кандай тоскоолдук болбой турганын белгилешти.Ошондой эле азык-түлүк, курулуш материалдарын жана башка товарларды ташыган жүк унааларынын кыймылына да чектөө киргизилбейт», – деп жазылган мекеменин билдирүүсүндө.

Мындан тышкары жолугушууда чек арага жакын жайгашкан суу ресурстарын жана жайыттарды пайдалануу маселеси талкууланды.

31-майда Өзбекстандын Сох анклавы менен Баткен облусунун Чечеме айылынын тургундарынын ортосунда чыр чыккан. Расмий маалыматтарга ылайык, чырга жашоочулардын Чечме булагын талашканы себеп болгон. Кагылышуу маалында Кыргызстандан 25 киши жаракат алган. Өзбек тарап 187 жараны жарадар болгонун кабарлаган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 71 − = 66

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: