Menu

Сапар Исаков Манас районунун Үч-Коргон айылында жашаган аз камсыздалган үй-бүлөнүн абалынан кабар алды

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков бүгүн, 12-январда, Талас облусуна жумушчу сапарынын алкагында Манас районунун Үч-Коргон айылында жашаган, аз камсыздалган үй-бүлөлөрдүн катарына кирген Бопушева Аселдин үй-бүлөсүнөн кабар алды.

Бопушева Асел 4 баланы жалгыз тарбиялоодо, бардыгы мектепте окуйт. Ал билими жоктугуна байланыштуу эч жерде иштебейт. Өздөрүнө тийиштүү турак жайлары жоктугуна байланыштуу батирди ижарага алууга муктаж.

Үй-бүлө социалдык жактан аялуу катмарга кирет. Сапар Исаков материалдык колдоо көрсөтүп, балдарга белектерин тартуулады жана жылуу сөздөрүн айтты, аны менен катар тийиштүү мамлекеттик органдарга аталган үй-бүлөнүн социалдык маселелерин чечүүдө көмөк берүүсүн тапшырды.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 85 − 83 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: