Башкы кеңсеси Нью-Йоркто жайгашкан Журналисттерди коргоо комитети (CPJ) Тажикстан президенти Эмомали Рахмонду ЖМК жана соцтармактардагы коронавирус пандемиясы жөнүндө такталбаган маалыматтар үчүн айып пул төлөөнү шарттаган Административдик кодекске киргизилген өзгөртүүлөрө кол койбоого чакырды.
Чырлуу мыйзам долбоору тажик парламентинин эки палатасындатең колдоо таап, президенттин кол коюусуна жөнөтүлгөн.
Буга чейин Тажикстан ЖМКлары жана жарандык коом да президенттен бул мыйзам долбооруна каршы чыгууну сурашкан. Алар административдик кодекске киргизилип жаткан өзгөртүүлөр активисттерди жана көз карандысыз журналисттерди куугунтуктоого шылтоо болорун билдиришүүдө.
Мыйзам долбоорунда коронавирус тууралуу такталбаган маалымат үчүн жеке жактарга 56 доллар, юридикалык жактарга 1128 доллар айып төлөө жана 15 суткага чейин административдик камакка алуу каралган.
Журналисттерди коргоо комитети мыйзамга киргизилип жаткан өзгөртүүдө коронавирус жөнүндөгү маалыматтын тактыгын ким жана кантип аныктай турганы жазылбаганын белгилешкен.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ