Menu

Кытайда COVID-19 жуктургандар кайра көбөйүүдө

Бөлүшүү:

Кытайдын Саламаттык сактоо министрлиги акыркы суткада өлкөдө 57 киши коронавирус жуктуруп алганын билдирди. Бул эки айга жакын убактан берки суткалык эң чоң көрсөткүч.

Жаңы учурлардын 36сы Бээжин шаарында катталды. Буга байланыштуу баш калаадагы азык-түлүк саткан «Синьфади» аттуу ири базардын иши убактылуу токтотулуп, жакын жайгашкан 11 турак-жай кварталында обочолонуу режими киргизилди.

Кытайда вирус азайгандан 50 күн өтпөй илдетке чалдыккандар кайрадан көбөйө баштаганы дарыгерлерди тынчсыздандырып жатат. Акыркы жети жумадан бери өлкөдө коронавирус күнүнө бир-экиден же таптакыр катталбай келген.

Өткөн жылдын аягында алгач таралгандан бери Кытайда коронавируска чалдыккандар 83 миңден ашканы расмий кабарланган. Алардын 78 миңден ашууну айыгып кетсе, 4634 адам көз жумду.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 56 − = 46

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: