Menu

Президент Сооронбай Жээнбеков Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпинди туулган күнү менен куттуктады

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпинди туулган күнү менен куттуктады.

«Сиздин кесипкөй, турмуштук бай тажырыйбаңыз достук мамиледеги Кытайдын туруктуу өнүгүшүн бекемдөөгө максатталган ийгиликтүү мамлекеттик ишмердигиңиздин бекем негизи болуп саналат.

Сиздин иш билги жетекчилигиңиздин астында Кытай COVID-19 коронавирус инфекциясынын жайылышы менен күрөшүүдө өзүнүн бардык күчтөрүн бир арага топтоп, чоң ийгиликтерге жетишти.

Ошону менен бирге Кытай Эл Республикасы коронавирус менен күрөшүүдө Кыргыз Республикасына маанилүү гуманитардык жардам көрсөткөндүгү үчүн чын дилимден ыраазычылык билдирем. Дүйнөдө коронавируска байланыштуу кырдаал мурдагыдай эле өтө оор абалда, бирок, ага карабастан, жалпы күч-аракеттерибиз менен бул илдетти жеңебиз деп ишенем.

Ак ниет коңшулукка, достукка, ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүккө негизделген кыргыз-кытай мамилелери кыйшаюусуз өнүгөөрүнө жана эки элдин келечеги үчүн бекемделерине терең ынанам», — деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Сооронбай Жээнбеков Си Цзиньпинге бекем ден соолук, бакубатчылык жана мамлекеттик ишмердигине чоң-чоң ийгиликтерди, ал эми достук мамиледеги Кытай элине тынчтык жана өсүп-өнүгүүнү каалады.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 44 + = 45

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: