Menu

Кыргыз кырылган кыя

Бөлүшүү:

Төртүнчү  айда Күнөс ооданынын  Аралтөбө айылына бир  класс окуучуларды алып практика  көрсөтүүгө барып калдым. Малчылардын көктөлөгөндө  чатырларыбызды тигип практикабызды да баштап кеткен элек.  Бир күнү бир малчы жылкысын жоготуп суроо салган бирөөгө “ кечээ мен  мал көздөп жүрсөм бир үйүр жылкынын  “кыргыз кырылган кыядан” басып бара жатканын көрүп калдым” деди.  Мен жанымдагы киши менен сөздү токтотуп, “ кыргыз кырылган кыя” дедиңизби?” деп сурадым эле “ ээ, үлкен карыялар солай атаган соң, биз да солай атап келемыз. Буның калайша солай аталып калганын  карыялар былмесе, биз жасиар быле алмадык” деп сөзүн токтотту.

Ошондон тартып менде ошол “кыяны көрүп”, ал эмне үчүн ошондой аталганын билгим келип жүрдү. 5-айларда болсо керек, коңшулаш отурган бир малчы ошол жакка бара турганын айтып калды. Мен “ой тууганым, бирге барайын “ кыргыз кырылган кыяны” көрөйүн” деп бирге аттандык.  Бат эле “кыяга келдик” деди.  Карасам кыя анча деле тик эмес, жолу деле жатыгыраак,  “бул жерден кантип кырылгандыр” деп жанымдагы жигитке ой жыгыттым. “ Бул кыядан кыргыз түгүл, дегеле ата-бабасы тоо-таш көрбөгөн туугандар да өлөр эмес”, деп калдым эле, анда ал жигит кым быледе  кандай аталып калганын, авыл карыялары жаксы былүвы мүмкүн. Ээ, агасы кыяңызды көрыңыз” деп мага шылдыңдай атынын башын бура  жөнөдү.  Ошентип, кыянын сырын билейин деп жүргөнүмдө  Конусбай уруусунан  бир тууганым тамакка үйүнө чакырып калды ( Конусбай кыргыздын  бир тукуму болуп кызайдын  солтонкелди уруусуна сиңип, конусбай уруусу атанып кеткен). Конусбайлар менин кыргыз экенимди билип, бат-бат тамакка чакырып калар эле.  Мени менен бирге айылдын аксакалдары бар экен.  Эт бышкыча тиги-бу аңгемелер болуп жатты.  Мен бир кезде “аксакалдар “кыргыз кырылган кыянын” кандайча аталып калганын  билгим келип жүрдү эле, билсеңиздер айтып бересиздерби?” деп сурадым. Аксакалдар арасынан чокчо сакал бир абышка  сөз баштап  “Кыргыз кырылган кыя” деп  аталуусуна 1916- жылы казактан албан туустар жана кыргыз туустар үркүп,  качып келген экен. Менин акемдин “өзү көргөнмүн”деп айтуусунда  50-60 тай качып келген кыргыз туустар  “Нылкы ооданына карай ашабыз” дегенде  тоодон көчкү көчүп, бул байкус туустар бир заматта көчкүнүн  астында калып кырылышкан. Ошондон бери “кыргыз кырылган кыя атанып кетти” дегенде, “ой, ана жылы авданың бир бастыгы  келип малшыларга жыйын ашканда “кыргыз кырылган кыяны”   “жаңа жол” деп атаңаздар деген еды. Бир карыя туруп: “ ой Кадыров, үйыренып кеткен атты  кайтып койамыз? Биз койсакта үйдегы  өлгөнүде пален кылайын  дегендер коймады гой дегендей” деп калжыңдаган еды, дегенде үйдө отурган кишилердин баары  коштоп кетти. Мен “ ой аксакалдар, чоң ыракмат! “Кыргыз кырылган кыянын” сырын билип алдым дедим.

Ошол кезде бабалар айткан  бул сөз эсиме келди:

 Кырка чыккан ак кайыңда атак жокпу?

Кылыч шилтеп кыргыз балта чаппаган.

Кыраң кырка жылгаларда так жокпу?

Кыргындарда кыргыз каны акпаган!

Ырасында, Үркүндө качып келген кыргыздар, кайсы жер өзүлөрүнүн жан багышына оңтойлуу болсо, ошол жерге барууга шашылды.  Бул 60-50 түтүн кыргыз жаз келип, күн жылыганда  барса деле болбойт беле? Аларда ачарчылыктын айынан  “кыргыз кырылган кыяга” айдап барышкан жокпу?!

“КАЛДЫК” ЭНЕ

Мен жакында Кыргызстанда чыга турган  “Кыргыз туусу” гезитинен, коомдук ишмер Ишенбай Абдразаков жазган  “Тарыхтан сабак албаган  коом жазаланып келген”  деген Үркүн тууралуу жазылган  тарыхый очеркти кайта-кайта окуп чыгып,  мен жазып жаткан “Үркүндөгү укмуштарга кошуп кийирүүнү ылайык көрдүм.  Мында автордун аты жөнү жана жазгандары  өз калыбында алынат.  Автордон кечирим сурайм?!

Ишенбай Абдразаков мындай деп баштайт:

-Бүгүнкү күндө Үркүн жөнүндө маалыматы бар адамдар  азайды. Сиздин апаңыз катышкан, көргөн адам экен, Үркүндү кандай эскерчү эле?

-Үркүндү көрүп, өз башынан өткөргөн адамдар калбай  калды. А кезде жаш бала болгондордун да эс тутумунда жарытылуу эч нерсе калбайт.  Энемдин оозунан эмес, “чоң атаңдын айткан сөзү” деп  атам айтчу жана чоң энемден уккам.  Жуукунун белинен ашып бара жаткан кезде энемдин бүт туугандарынын баарын жазалоочу отряд кырып салып, энем өзү  жалгыз калган экен.  Катуу корккондуктан, жада калса, өзүнүн атын да унутуп калган экен.  Үркүн жөнүндө  тилекке каршы, документтерге таянган  маалыматтар өтө аз. Элдин имиш-имиши бир жактуу айтылган маалыматтар көбүрөөк болуп жүрөт.

– Деги, Үркүндүн чыгышына эмне себеп болгон деп ойлойсуңар?

– Келечекке түз жол менен барабыз десек, тарыхка калыс мамиле кылбасак болбойт. Үркүндүн болгону кокустуктан эмес. Себеби, биринчи дүйнөлүк согушка орусия империясы күчтүү  мамлекеттердин ортосундагы  кагылышууларга  байланыштуу  аскердик даярдыксыз кошулган.  Армияда камчыга сап эч нерсе жок кезде, жаңыдан  “орусиянын жарандары  бололу” деп жаткан кыргыздарды аскерге чакырып калат.  Андан да фронтко эмес,  тылдагы кара жумушка чакырылат.  Жергиликтүү губернаторлорго, болуштарга,  уруу башчыларына кайрылып лимит боюнча  ала баштаганда түшүнбөстүктөр жаралган. Элдин көбү “согушка чакырып жатат” деп ойлогон.  Чындыгын айтуу керек, көзү өтүп кеткен аксакалдардын  көпчүлүгүнөн уккан элем. Баарына бирдей мамиле болбой, аскерге колунда бар кишилер андай- мындай берип кутулуп,  карапайым букаралардын көпчүлүгү тизимге кирип калган. Ошолор “биз барбайбыз” деп чатак салып  ошол кезде жергиликтүү башкаруучулар күч көрсөтүп, элдин эркине карабай, аларды аскерге ала баштаган.  Ошентип,  империялык өктөмдүккө  байланыштуу жергиликтүү элдин карама-каршылыгы күчөп отуруп, ушуга алып келген.  Айрым жагынан, “ улут аралык” деп  да койсок болот. Түшүнбөстүккө алып келгени да, элибиздин акылман адамдары  “орус мамлекети- абдан  чоң мамлекет. Күчүн бизге салыштырып болбойт. Өчөштүрүп алсак, элибизге зыян болот. Ошон үчүн кызмат кыла турган адамдарды жиберип,  калганыбыз тынч жашай берели” деп айткан экен. Көлдөн чыккан акелер ошентип айтыптыр” дегенди уккам. Менин чоң атам Орозбай балдарын жибербей койгон экен. Үркүп Кытайга барсак, “чоочун элдин тилин-дилин билбесеңер кыйналып каласыңар” деген. Бирок чоң атамдын балдарынын ичинен кээси Үчтурпан, Аксууга барып кайра келишиптир.

Энем тууралуу айтсам, анын атасы Жаңыбай  бий болуп жүргөн киши экен. Ысык-Көлдун жаргылчак деген жерин мекендеген  желдең уруусунан болгон. Менин чоң атам болсо, Жети-Өгүзгө жакын  жерде жашап, Жаңыбай бий менен мамилеси жакшы болуптур. Элди дүрбөтпөй, бала-бакырабыз  менен калалы” деп  макулдашса, “кокуй, кетпесек болбойт. Бизди кырып салмай болду” деп эл көчө баштаганда, ал киши дагы мажбур болуп, өзүнүн туугандары менен  жөө Куу ашуусу аркылуу Беделге жакындап барганда , көчтүн алдын жазалоочу отряд пулемёт менен бүт баарын атып таштайт.  “Энем ушундай окуя болуптур” дегенди уккандан кийин, менин чоң атам тааныштары  менен барып, өлгөндөрдүн  сөөгүн алып келишип карашса, алардын ичинде кичинекей бала,  менин болочоктогу энем тирүү экен. Чоң атам багып алыптыр. “Жакшыдан калган калдык” деп чоң атам айтып жүрүп, аты Калдык болуп калган. Ал, албетте, Үркүндүн кандай болгонун билбейт. “ Уккандарымды айтпай эле коёюн, андай окуянын болгонун каалабайм, жүзү курусун, дүнүйөдө  тынч-ынтымак менен жашаган жакшы болот. Адам өзүнүн  абийири менен жашаш керек” деп мага көбүрөөк айтуучу эле. Ал эми Үркүндүн кандай болгонун мен чоң энемден уккам. “ Жарымы-жалган, жарымы-чын, жанында жүргөн киши жок” дегендей, улам бирөөдөн бирөө угуп отуруп келген сөз. Ал эми туугандарынан ажырап өзү жалгыз жетим калганы-чындык. Талдап көрсөк, көп нерсеге такалабыз. Илимий жагынан болобу, идеология жагынан болобу, Үркүн  ошол кезде болгон чоң трагедия.

“Келечекте ошондой трагедиялар кайталанбаш үчүн эмне кылыш керек?” деген чоң маселе туруп жатат. Эл менен элдин ортосунда чыр өзүнөн өзү  эле чыгып кетпейт.   Бийликтин жасаган саясатын туура эмес түшүнгөн адамдар  буйрукту туура эмес аткарат экен. Ага каршы эл көтөрүлөт.

-Энеңиздин кийинки тагдыры кандай болду?

-“ Жакшыдан калган Калдыгым” деп чоң атам багып алган дебедимби. “Жаңыбайдын кызы экен” деп  жуучулар келе башташыптыр.  Колунан келген кишилер болгон экен. Чоң атам айтыптыр: “өзүмдүн досумдун кызын кантип силерге берем. Жаныбызда жүрсүн. Менин деле уулум бар. Өзүмдүн уулума берем “ деп озүнүн уулуна никесин кыйдырткан экен.

-Үркпөй, көчпөй калгандар аманбы?

-Үркүп  качпагандар аман калган. Аларга тийген эмес. Өздөрү тийишмейинче элге тийген эмес. Зомбулукка зомбулук болбой койбойт. Кээ бир булактарга таянсак, “ көбүнчө Көл тарап, Чүйдөн бир аз, түштүктөн бир аз эл үрккөн. Үркүндүн ичинен көп адам ал жакта кордук көрүп, малай болгон. Ачкачылыктын азабын тартып, оорудан азап чегишкен” дейт. Барып көргөндөрдүн айтуусуна караганда , “ал жакка баргандан түндүк жактагы  кыргыздардын калкынын саны үчтөн бирге кыскарган” деген маалымат бар. Бирок Үркүндөн кийин элде санак болгон эмес. Менин укканыма караганда, чындыгында, ошол көчүп, үркүп кеткендердин айрымдары эле келген.  Көбү аркы жакта калган. Кээ бирлери өлгөн, ачкачылыктын айынан кыздарын, балдарын бир ууч талканга сатканга чейин барган.

-Калыс сөздөрүн өз кулагыңыз менен уккан адамдардын аттарын атай аласызбы?

– Маркум  үч киши калыс сөздөрүн айтчу эле. Ошолордун эң улуусу Кусеин Карасаев, андан кийинкилери Түгөлбай Сыдыкбеков, Абдулхай Алдашев. Ал эми менин өз атам карапайым киши болчу. Анда менин бала чагым, маани деле берчү эмесмин. азыр эми өз энемдин тагдырына байланышкан нерсе болгондон кийин көкүрөктөгү эс тутумдагы нерсени айтып жатам.

Булак: Асман плюс

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 4 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: