Menu

Дастан Бекешов: “Өкмөттүк эмес уюмдардын каржысы жөнүндө бардык маалыматтардын ачык жарыяланышы криминалдык чөйрөнүн көңүлүн бурушу мүмкүн”

Бөлүшүү:

Бүгүн, 15-июнда ЖКнын Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин жыйынында ӨЭУ мыйзам долбоору 2-окууда талкууланды.

Депутат Дастан Бекешовдун айтымында, учурда банктык сыр жөнүндө мыйзамга ылайык, эгерде ӨЭУ өзү маалымат бербесе, анда банктар аны бере алышпайт. Ал мыйзам долбооруна өзгөртүүлөрдү киргизүүнү сунуш кылды: эгерде кайсы бир ӨЭУ жөнүндө маалымат алуу керек болсо, анда жөн гана суроо-талап жөнөтүү керек. Ошентип, эл өкүлүнүн айтымында, бардык ӨЭУларды жана КЭУ отчёт берүүгө милдеттендирүүнүн кереги жок.

“Мындан тышкары, бул мыйзам терс экономикалык кесепеттерге алып келет, көптөгөн ӨЭУлар жабылат, эл аралык долбоорлор болбойт, силер буга алып барасыңар” – деп билдирди депутат.

Ал ошондой эле, ӨЭУлардын каржысы жөнүндө бардык маалыматтардын ачык жарыяланышы криминалдык чөйрөнүн көңүлүн бурушу мүмкүн экенин кошумчалады.

“Бизде уюшкан кылмыштуу топтордун көптөгөн мүчөлөрү бар. Алар да ӨЭУлардын канча акчасы, кандай маяна алаарын, мүлкү, кеңселери барбы-жокпу көрө алышат” – деп билдирди Дастан Бекешов.

“Сиздер алар мүлктү сайтка жарыялашы керек деп жазып жатасыздар. Чечим кандай болоорун мен мурунтан билем, анткени жыйынтык бар. Мен буга чейин эле түшүндүм, бирок сиздер дагы бир жолу ойлонуңуздар” – деп кесиптештерине кайрылды.

Мыйзам долбоорунун демилгечилеринин бири Бактыбек Райымкуловдун пикиринде, бир нече гана өкмөттүк эмес уюмдар сунушталган өзгөртүүлөргө каршы.

Комитет депутат Дастан Бекешовдун сунушун четке кагып, мыйзам долбоорун 2-окууда жактырды.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 53 − 43 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: