Кечээ, 15-июнда Бишкектеги Биринчи май райондук сотунда Кой-Таш окуясы боюнча соттук отурум улантылган.
Айыпталуучулардын бири Кундуз Жолдубаева журналисттерге прокурорлор президенттик аппараттын мурдагы жетекчиси Фарид Ниязовдун, экс-депутат Равшан Жээнбековдун жана депутат Ирина Карамушкинанын айыптоо актыларын окуп бергенин билдирди.
“Жээнбековго жети оор кылмыш, анын ичинде бийликти күч менен басып алууга аракет кылуу, барымтага алуу, ошондой эле массалык башаламандык уюштурган деп айыпталып жатат. Айыптоо актыларында мамлекетке келтирилген жалпы зыян 16 миллион сомдон ашык экени көрсөтүлгөн. Тергөөчүлөрдүн айтымында, биз “Бишкексвет”, “Бишкекасфальсервис”, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет жана Ички иштер министрлигине зыян келтирген экенбиз” – деп билдирди Кундуз Жолдубаева.
Эсиңиздерге сала кетсек, 2019-жылдын 7-8-августундагы Кой-Таштагы окуялар боюнча Ички иштер министрлиги Кылмыш-жаза кодексинин бир катар беренелери боюнча кылмыш ишин козгогон. Бул иш боюнча депутаттар – Ирина Карамушкина, Асел Кодуранова, КСДП партиясынын мүчөлөрү, мурдагы депутат Равшан Жээнбеков, ошондой эле мурдагы президент Алмазбек Атамбаев айыпталып жатышат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ