Премьер-министрдин ордуна вице-премьер-министр Кубатбек Бороновдун талапкерлиги көрсөтүлүүдө. Бул тууралуу Жогорку Кеңештен билдиришти.
Бүгүн парламентте көпчүлүк коалиция анын талапкерлигин карап чыгуу үчүн жыйынга чогулат. Кубатбек Боронов 2018-жылы биринчи вице-премьер-министрлик кызматты аркалаган. Ал буга чейин Өзгөчө кырдаалдар министрлигин жетектеген.
Эске салсак, кечээ, 15-июнда Мухаммедкалый Абылгазиев отставкага кетти. Ал эки жыл министрлер кабинетинин башчысы болуп иштеген. Бул убакыт аралыгында өкмөттүн бардык курамы 90 пайызга өзгөргөндүгүн белгилейбиз.
Булак: Kyrgyztoday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ