Menu

Видео – Акылбек Жапаров: “Улуттук банк жакшы иштеп, кыргыз экономикасынын долларга болгон көз карандылыгы азайып баратат”

Бөлүшүү:

Кечээ, 15 – июндагы Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин жыйынында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2019-жылдагы ишмердүүлүгү тууралуу аталган мекеменин төрагасынын отчету каралды.

Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов ишмердүүлүгүнүн негизги параметрлерине токтолуп, анын ичинен акча-насыя саясатына жана каржылык-насыялык уюмдарды жөнгө салуу чөйрөлөрүнө тиешелүү абалды баяндады.

“2019-жылы Кыргызстандын эл аралык резервинин көлөмү тарыхый жогору чекке жетип, 2,4 млрд. АКШ долларын түздү”, – деди Толкунбек Абдыгулов.

Талкуу маалында депутаттар коммерциялык банктардын ишмердүүлүгүнө тиешелүү маселелерди көтөрүшүп, андан тышкары, COVID-19 пандемиясынан улам жаралган кырдаалга байланыштуу насыялык милдеттеме шарттарын жеңилдетүү менен кичи жана орто бизнести колдоо зарылчылыгын белгилешти. Өз кезегинде депутат Акылбек Жапаров “Уулу насыялар фондун” түзүү сунушун берип, илдеттен улам насыя боюнча көп көйгөй чыгарын кошумчалады. “Калк менен коммерциялык банктар ортосунда бир катар насыя көйгөйлөрүн чечүүгө багытталган фонд иш алып барышы керек. Бул дүйнөлүк тажрыйбаны бизде пайдалансак натыйжалуу болот”, – деди депутат. Комитет мүчөлөрү да тактоочу суроолорду беришип, жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2019-жылдагы ишмердүүлүгү тууралуу отчетко канаттандырарлык деген баа берүү менен Жогорку Кеңештин кароосуна жөнөтүштү.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 54 − = 46

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: