Menu

Албек Ибраимов: “Кудай фраер эмес, ал баарын көрүп турат”

Бөлүшүү:

Бүгүн, 17-июнда Бишкек шаардык соту борбор калаанын экс-мэрлеринин иши боюнча айыпталуучулардын адвокаттарынын апелляциялык арызын кароону улантты. Отурумда сот Адис Момуналиев төрагалык кылып жатат.

Жарыш сөздө экс-мэр Албек Ибраимов сүйлөдү. Ибраимов бул соттук териштирүү ага АКШдагы 85 жаштагы режиссердун сексуалдык ыдык көрсөткөндүгү үчүн 30 жылга эркинен ажыратылган кылмыш ишин эске салганын билдирди.

“85 жаштагы белгилүү режиссер мурун кимдир бирөөгө ыдык көрсөткөндүгү  үчүн #metoo феминисттик кыймылынын кысымы менен 30 жылга кесилген. 85 жаштагы адам качан ыдык көрсөткөнүн деле эстей албайт. Бирок, ошол кезде белгилүү актрисалар кандайдыр жол менен режиссердун алдында көрүнгүсү келишкен. Бүгүн бул жерде дал ушундай болуп жатат” – деди Ибраимов.

Албек Ибраимовдун айтымында, анын сот жараяны өлкөдөгү коррупцияга каршы жүргүзүлүп жаткан кампания менен дал келген жана анда белгилүү инсандарды көрсөтүү керек болгон.

“Адамды өлтүрүү үчүн анын атын өлтүрүш керек, деп буга чейин айтып келгем. Анда ал эч кандай мааниге ээ болбой калат. Аны басмырлап, түрмөгө камап койсо болот. Бирок ал жакта дагы адамдар бар. Эки жыл УКМКнын тергөө изоляторунда өотуруп, “Кудай фраер эмес, ал баарын көрүп турат” деген сөздү билдим. Мунун баары өтөт, мен бир гана чыдап, күтүп, отурушум керек” – деп билдирди Ибраимов.

Эсиңиздерге сала кетсек, Кубанычбек Кулматов «Бишкектеги Калыс-Ордо конушундагы мектепти курууга бөлүнгөн 2 миллион долларды максатсыз пайдаланып, жемкорлукка барган» деп айыпталып, камакка алынган. Ал эми Албек Ибраимов «Ысык-Көлдөгү «Күнөстүү жээк» пансионатын сатууда мамлекетке 152 миллион сомдук зыян келтирген, «Дастан» ишканасын жетектеп турганда 270 миң доллар өлчөмүндө мыйзамсыз сый акы алган жана Бишкектин түштүгүндөгү беш гектар жерди мыйзамсыз бөлүп берүүгө тиешеси бар» деген айып менен камалган. Бирок, экөө тең мындай айыпты четке кагып, күнөөлүү эместигин айтып келген.

Былтыр, 23-декабрда, Ленин райондук сотунда экс-мэрлерге байланыштуу сот отуруму уланып, Албек Ибраимов 15 жылга кесилип, Кубанычбек Кулматовго 5 млн сом айып пул салуу менен сот залынан бошотулуп, эркиндикке чыккан.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 38 − = 30

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: