Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынын жетекчиси Ибраим Нуракун уулу коронавирус жуктуруп алды. Бул тууралуу кечээ, 18-июнда ал өзүнүн Фейсбук баракчасында жарыялады.
Анын айтымында, дем алыш күнү дене табы көтөрүлгөнүнө байланыштуу ал үйдөн иштеп жаткан. Жумушка чыгаар алдында ал алдын ала текшерүүдөн өткөн. Дарыгерлер байланышка чыгып, коронавирус жуктуруп алганын билдиришкен.
“Ушул дем алыш күнү дене табым көтөрүлгөнүнө байланыштуу үйдө олтуруп иштеп жаткамын. Жумушка чыгар алдында алдын ала текшерүүдөн өтсөм, бир аз мурда эле дарыгерлер менин анализимен COVID-19 аныкталганын кабарлашты. Буга байланыштуу дагы 14 күн үйдөн чыкпай иштемей болдум. Мени менен жакын контактыда болгон Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматындагы башка кесиптештерим да дистанттык иш тартибине өтүүдө”, – деди ал.
Нуракун уулунун айтымында, Жогорку Кеңештин аппаратынын жана иш башкармалыктын бир катар кызматкерлери, айрым депутаттар тест тапшырышты. Жыйынтыктары бир-эки күндө белгилүү болот.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ