Ош шаарында адвокаттын өлүмүнө шектүү адам кармалды. Бул тууралуу Ош ШИИБнин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматтарга ылайык, 17-июнда болжол менен саат 11:20да Курманжан Датка кичи районундагы Увам каналында 40-45 жаштагы азиат улутундагы эркек кишинин жансыз денеси табылган.
Окуя болгон жерге барган ыкчам топ жансыз денени текшерип, андан зордук-зомбулуктун изин табышкан. Соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Ошол эле күнү маркумдун өздүгү такталып, ал 1978-жылы төрөлгөн К.Т. экени, адвокат болуп иштеп жүргөнү аныкталган. Туугандары анын дайынсыз экени тууралуу үстүбүздөгү жылдын 12-июнунда билдиришкен.
Ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында, 17-июнда адам өлтүрүүгө шектүү катары 1978-жылы туулган О.Р. кармалган.
Кармалган адамдын айтымында, 12-июнда Курманжан Датка кичи районунда 102 маршруттук каттамынын унаааларын токтотуучу жайда ал адвокат менен чатакташып, мушташа кеткен. Натыйжада адвокат каза болгон.
Бүгүнкү күндө тергөө иштери жүрүп, күбөлөр сурак берип жатышат.
Кечээ, 19-июнда шаардык соттук чечими менен кылмышка шектүү адам 2 айга камакка алынган.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ