Бүгүн, 20-июнда Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына кол койду.
Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2020-жылдын 21-майында кабыл алынган.
Аталган мыйзамдын максаты — «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамы менен шайкеш келтирүү.
Кабыл алынган мыйзамга ылайык, депутаттык ыйгарым укуктарды мамлекеттик же муниципалдык билим берүү жана саламаттык сактоо мекемесинин жетекчиси кызматы менен айкалыштырууга болот.
Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ