Бул тууралуу 16-декабрда Жол кыймылынын коопсуздугу боюнча башкармалыгынын орунбасары Нур Сатыбалдиев билдирди.
Анын айтымында, Жол кыймылынын жаңы эрежелерин иштеп чыгуу үчүн жумушчу топ түзүлгөн.
“Бул багытта иштер жүрүп жатат, бирок алдын-ала айтпай турайын. Долбоордун документтер топтому даяр болгондо, расмий жар салып, өкмөттүн сайтына илебиз”, – деди ал.
Жаңы жол эрежелерин киргизүүгө себеп Бажы биримдигине киргенибизге байланыштуу техникалык регламентте, ГОСТко туура келтиришибиз керек экен.
“Эң башкысы – Вена конвенциясына мыйзамдарыбызды тууралашыбыз зарыл. Жаңы мыйзамдар менен кодекстер кирген соң, Жол кыймылынын эрежелери кирип, мыйзам алдындагы акт болот”, – деп түшүндүрдү ал.
Ошондой эле жаңы жол эрежелери киргенде айдоочулар кайра окутулбастыгын белгиледи.
“Автомектептерде автоматтык түрдө планы өзгөрүп, айдоочулар жаңы эрежелер менен окутула баштайт. Ал эми күбөлүгү бар айдоочулар өздөрү өздөштүрүшү керек, атайын китепчелерди чыгарабыз”, – деди Нур Сатыбалдиев.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ