Ырчы Айгерим Расул кызы “Ардак грамота” менен сыйланды. Бул тууралуу ырчы айым өзүнүн Инстаграм социалдык баракчасына жарыялады.
Маалыматка ылайык, Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Улукбек Кочкоров Айгерим Расул кызын карантин учурунда жардамга муктаждарга көмөк көрсөткөндүгү үчүн “Ардак грамота” менен сыйлаган.
“Карантин маалында кыргыз элине кайдыгер карабаган инсандарды, Өкмөт жана Социалдык өнүктүрүү министрлиги жогору баалап, Ардак грамота менен сыйлашты. Министирибиз Кочкоров Улукбек Тойчубаевичке терең ыраазычылык билдирем. Элибиз тынч, ден-соолукта, ынтымакта болсун”, – деп билдирүү калтырган Расул кызы.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ