“Мага издөө жарыяланды. Өлкө менин кайда экенимди, эмне кылып жатканымды билишет”, – деп бүгүн, 21-июнда Гүлзат Мамытбек Инстаграмдагы баракчасы аркылуу видео кайрылуу жасады.
Видео кайрылууда Гүлзат Мамытбек мурунку жолдошу ага карата арыз жаздыртканын айтты.
“Мен англис тилин окутуу боюнча мобилдик тиркеме иштеп чыккам. Мобилдик тиркеме дароо иштеп кеткен жок. Ал тиркемени ишке киргизүүдө мага каржы жагынан инвесторлор жардам берген. Тиркеме өзүн актабай, инвесторлорго каражатты убагында төлөй албай калдым. Бирок аларга акырындык менен акчаны кайтарып жаткам. Мурдагы күйөөм ошол адамдарды таап, менин үстүмөн арыз жаздырыптыр. Азыркы учурда мага издөө жарыяланган. Өлкө менин кайда экенимди, эмне кылып жатканымды билишет. Мен Москвадамын. Карантинге байланыштуу бул жактан кете албай жатам”, – деди ал.
https://www.instagram.com/tv/CBsAi-RDcWv/?igshid=4g7g6rsfnt3b
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ