Menu

Премьер-министр Кубатбек Боронов суу чарба кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Кубатбек Боронов суу чарба кызматкерлерин кесиптик майрамы – Суу чарба кызматкерлеринин күнү менен куттуктады.

Төмөндө куттуктоо сөзү:

«Урматтуу суу чарба   кызматкерлери!

Сиздерди Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан суу чарба  кызматкерлеринин күнү менен чын жүрөктөн куттуктаймын!

Учурда жаңы жерлерди өздөштүрүү жана сугат жерлерин суу менен камсыз кылуу, мелиоративдик абалын жакшыртуу, республикабыздын калктуу конуштарын таза суу менен камсыздоо жана саркынды суу тармактарын өнүктүрүү багытында алгылыктуу иштер жүрүп жатат.

2017-2026-жылдары иригацияны өнүктүрүү мамлекеттик программасынын алкагында 2020-жылы 1700 га жаңы сугат жерлерин өздөштүрүү,17562 га сугат жерлердин сууга болгон муктаждыктарын жогорулатуу жана 3600 га жердин мелиоративдик абалын жакшыртуу, 80 айыл конушун таза суу менен камсыздоо милдеттери алдыбызда турат.

Жалпысынан 2024-жылга чейинки мөөнөттө ирригация жана таза суу багытындагы программалардын ийгиликтүү ишке ашырылышы менен республикалык айыл аймактарында жаңы сугат жерлерин өздөштүрүү менен 110 миң жаңы жумушчу орундары түзүлөт. 715 айылдын таза суу менен камсыздалышын 68,9 пайыздан 90 пайызга чейин көбөйтүү аркылуу калкыбыздын, жашоо шарттарынын жакшырышына чоң өбөлгө түзүлөт.

Алдыбыздагы программалык багыттагы милдеттерди талыкпаган эмгегибиз менен аткарып, өлкөбүздүн экономикасынын өсүшүнө, мамлекеттин азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылууга өз салымыңыздарды кошо бересиздер деп терең ишенем!

Урматтуу суу чарба   кызматкерлери!

Сиздерди кесиптик майрамыңыздар менен чын жүрөктөн куттуктап, ар бириңиздерге чың ден соолук, ишиңиздерге албан-албан ийгиликтерди, үй-бүлөлүк бакыт каалайм!».

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 33 − = 24

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: