Бишкектеги Орто-Сай жана Ош базарларында ар дүйшөмбү санитардык күн деп жарыяланды. Бул тууралуу бүгүн, 22-июнда Бишкек шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
Анын айтымында, аталган базарларда күн сайын кечинде тазалоо жана дезинфекциялоо иштери жүргүзүлүп жатат.
Белгилей кетсек, Бишкек шаардык эпидемияга каршы жана эпизоотияга каршы комиссиясынын башчысы, вице-мэр Татьяна Кузнецова Орто-Сай базардын ишмердүүлүгүн 10-июндан 13-июнга чейин убактылуу токтотуу жөнүндө чечим кабыл алган. COVID-19 менен ооруган жарандардын өзүлөрү врачтарга кайрылган фактылар бар. Алар аталган базарга дагы барышканын айтышкан.
Дезинфекциялоо иштеринен кийин базар мурдагыдай иштеп баштаган. Кийинчерээк Ош жана Аламүдүн базарлары дезинфекция үчүн жабылган.
Администрации Орто-Сайского и Ошского рынков отныне каждый понедельник обьявили санитарным днём. А плановую уборку, чистку и дезинфекцию проводят каждый день вечером. Администрация Беш Сары установила дезинфекционный тоннель 😷💦💧 pic.twitter.com/CI5Xv5E8Fc
— Мэрия города Бишкек (@bishkekcityhall) June 22, 2020
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ