Menu

Токтогулдуктар транспорт министрине кайрылуу жолдошту: Үч-Терек, Кызыл-Өзгөрүш айыл жолдору жүргөнгө жараксыз болуп калды

Бөлүшүү:

Жалал-Абад областынын Токтогул районуна караштуу Үч-Терек, Кызыл-Өзгөрүш айыл жолдорунда бир канча жылдан бери ремонт иштери жүргүзүлбөй, техника менен каттоого такыр мүмкүнчүлүк болбой калды. Бул тууралуу бүгүн, 23-июнда Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагынын жашоочулары билдиришти.

Алардын айтымында, акыркы мезгилде аба-ырайынын катаалдыгынан, катуу жааган жамгырдан улам сел жүрүп, жолдордун кээ бир жерлери жараксыз абалга келген.

Айылдын жашоочуулары КРнын Транспорт жана жол министри Жанат Бейшеновко өтүнүч кат жөнөтүштү. Катта айтылгандай буга чейин оңдоп тазалоо иштерин жүргүзүү боюнча бир нече каттар жөнөтүлгөн, бирок ушул күнгө чейин жасоо иштери боюнча эч кандай тыянак чыйпай келүүдө. 2019-жылдын октябрь айында КРнын президенти Токтогул районунда эл менен жолугуусунда бул көйгөйлөр айтылып, чечилээри белгиленген. Бирок ушул убакка чейин маселе чечилбей келүүдө. Учурда бул айылда 12000 калк жашайт.

Айылдын жашоочулары бул маселеге көңүл бөлүп, тез аранын ичинде чечип берүүсүн өтүнүшөт.

 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 25 − = 22

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: