Бишкек шаардык мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык кɵзɵмɵл борбору өкмөттүн мүчөлөрүн бет капсыз жана аралыкты сактабастан сүрөткө түшкөндүгү үчүн 140 миң сом айып пул салды. Бул тууралуу бүгүн, 23-июнда аталган борбордун басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, жалпысынан 28 адам айыпка жыгылган. Алардын ичинде: премьер-министр Кубатбек Боронов, мурдагы өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев, вице-премьер-министр Аида Исмаилова, вице-премьер-министр Акрам Мадумаров, вице-премьер-министр Эркин Асрандиев, бөлүм башчылар ж.б. айып пул төлөшөт.
Алардын ар бирине “Бузуулар” жөнүндө кодексинин 150-б. 1-б. ылайык, 5 миң сомдон айып пул салынган.
Белгилей кетсек, 17-июнда, Өкмөт үйүндө КР премьер-министринин ыйгарым укуктарын өткөрүп берүү расмий иш-чарасы өткөн. Анда Мухаммедкалый Абылгазиев Кубатбек Бороновго кызматын өткөрүп берген.
Социалдык тармактардын колдонуучулары өкмөттүн мүчөлөрүнүн, ошондой эле мурдагы премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевди жана министрлер кабинетинин башчылыгына дайындалган Кубатбек Бороновду аралык сактабагандыгы жана бет капсыз жүргөнү үчүн катуу сынга алышкан.
19-июнда өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалды талкуулаган чакан курамдагы Коопсуздук кеңешинин кезектеги жыйынында президент Сооронбай Жээнбеков социалдык дистанцияны сактабай, бет капсыз сүрөткө түшкөн өкмөт мүчөлөрү айып пул төлөшү керектигин баса белгилеген.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ