Кыргыз элинин залкар жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун уулу Элдардын үй-бүлөсүндө толуктоо күтүлүүдө. Бул тууралуу кечээ, 23-июнда анын жубайы Сабира Айтматова Инстаграмдагы баракчасына жазган.
“Жакын арада биздин үй-бүлөдө толуктоолор күтүлүүдө, биз кичинекей ымыркайды күтүүдөбүз. Жарым жылдан бери кандай ысым ыйгарууну аныктай албай жатабыз. Сиздерге жаккан кыздардын ысымдарын жазыңыздар. Эгерде сиздер сунуштаган ысым бизге жакса наристебизге дал ошол ысымды ыйгарабыз. Мыкты ысым үчүн биздин үй-бүлөнүн атынан белек берилет”, – деди Сабира Айтматова.
https://www.instagram.com/p/CBxp3qaleSR/?igshid=1eam4l7e4qwut
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ