Кыргызгидромет борбору маалыматы боюнча, эртең, 26-июнда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Талас облусунун кээ бир райондорунда, Чүй облусунун кээ бир тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Чүй облусунун өрөөндөрүндө жаан-чачын күтүлбөйт.
Эртең абанын температурасы төмөндөгүдөй болот:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн: +14…+19, күндүз: +30… +35,
Таласта түнкүсүн: +12…+17, күндүз: +28…+33,
Баткенде түнкүсүн: +15… +20, күндүз: +30…+35,
Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн: +15…+20, күндүз: +30…+35,
Ысык-Көлдө түнкүсүн: +8…+13, күндүз: +20…+25,
Нарында түнкүсүн: +6…+11, күндүз: +18…+23,
Бишкекте түнкүсүн +16…+18, күндүз: +33…+35.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ