Menu

Forbes.uz Саида Мирзиёеваны Өзбекстандагы белгилүү блогерлердин катарына кошту

Бөлүшүү:

Forbes.uz Өзбекстандагы эң популярдуу 15 блогердин тизмесин жарыялады.

Тизмеге Өзбекстан президентинин кызы Саида Мирзиёева да кирди.

Басылма тизмени түзүүдө Телеграм каналдардын рейтингин аныктаган uz.tgstat.com порталындагы маалыматтарды колдонгонун билдирди.

Өзбекстандык котормочу Ахрор Шарипов тизмеге Умид Гафуров, Отабек Бакиров, Темурмалик Тожиддинзода, Дима Каюм, Зафар Салижонов сыяктуу белгилүү блогерлер кирбей калганын сындады.

«Чынын айтсам, бул рейтингдеги блогерлердин үчөөнү гана тааныйм. Бир блогердин ырларын угам, ал эми дагы бир «блогерди» президенттин кызы катары билем», – деди Ахрор Шарипов.

Forbes.uz рейтинги боюнча Саида Мирзиёева эң белгилүү өзбек блогерлеринин бири. Учурда Улуттук масс-медианы колдоо жана өнүктүрүү фондун башкаруу кеңешинин төрагасынын орун басары.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 89 + = 92

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: