Menu

Сузакта аялынын моюнуна дөңгөлөк байлап, башына суу куюп, сабаган кишиге карата соттун өкүмү чыкты

Бөлүшүү:

Сузак районунда аялынын моюнуна дөңгөлөк байлап, башына суу куюп, сабаган киши күнөөлүү деп табылды. Бул тууралуу Жалал-Абаддагы “Акыйкаттык” укук коргоо уюму маалымдайт.

Алардын айтымы боюнча, бүгүн, 2-июлда Сузак райондук сотунда аталган окуя боюнча соттук отурум аяктады. Сот айыпталуучуну эки жылга пробациялык көзөмөлгө алуу өкүмүн чыгарды. Ал сот залында камактан бошотулган.

Белгилей кетсек, социалдык тармактарда эркек аялынын моюнуна дөңгөлөктөрдү байлап алып, башына чакалап муздак суу куюп, сабаган видеотасма тараган. Бул окуя коомчулукта кызуу талкууга алынып, үй-бүлөдөгү зомбулукка каршы жана  аялдардын укугун коргогон пикеттер өткөрүлгөн. Күйөөсү тарабынан кордолгон аял милиция арыз менен кайрылган. Бирок, кийинчерээк күйөөсүн бошотууну суранып, кайра тосмо арыз жазган.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 10 + = 15

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: