Menu

Кубатбек Боронов: “Эртең Кытайдан 500 кычкылтек концентратору алынып келинет”

Бөлүшүү:

Жакынкы күндөрү Бишкек жасалма дем алдыруучу аппараттары жана кычкылтек концентраторлору менен толук камсыз болот. Бул тууралуу бүгүн, 2-июлда премьер-министр Кубатбек Боронов өкмөттүк онлайн-брифингде билдирди.

Анын айтымы боюнча, Кыргызстан Кытайдан 500 кычкылтек концентратор сатып алган.

“Бул илдет биринчи жолу болуп жаткандыктан, биз алгач коронавируска каршы даярдыктарды көрө баштадык, азыркы мезгилде өпкө пневмониясы күч алып жатат. Ошондуктан жасалма дем алдыруу аппараты эмес кычкылтек концентраторуна муктаждык күчөй баштады. Белгилүү болгондой, азыр Бишкекте 572 ИВЛ аппараты жана 610 кычкылтек концентратор бар. Эртең саат 10:30да Кытайдан Бишкекке 500 кычкылтек концентратор келет” – деп билдирди Кубатбек Боронов.

Мындан тышкары, мамлекет гуманитардык жардам катары 23 ИВЛ аппаратын жана 52 кычкылтек концентратор алат.

“Донорлордун эсебинен биз 63 ИВЛ жана 111 кычкылтек концентраторлорун сатып алабыз. Медициналык мекемелерге керектүү шаймандарды сатып алууга 50 миллион сом бөлүнгөн. Түркия менен 50 ИВЛ жана 50 кычкылтек концентраторлорун сатып алуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат” – деп кошумчалады премьер-министр.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 74 = 77

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: