Menu

Ошто 60 кишинин катышуусунда кыз узатуу тою болуп, ага жергиликтүү кеңештин депутаттары да барган

Бөлүшүү:

Ош облусунун Кара-Суу районундагы Фуркат айылында өткөн кыз узатуу тоюна 60 адам катышкан. Аталган тойго Ош шаардык кеңешинин депутаттары да катышканы белгилүү болду.

Ош облустук санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун санитардык бөлүмүнүн башчысы Эркин Мамаевдин айтымында, тойкананын ээсине 13 миң сом айып пул салынган жана мекеме 15 күнгө жабылган.

Ош облустук Ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдиргендей, бир жума мурун “Баястан” тойканасынын ээлерине эскертүү берилип, 3 миң сом айып пул салынган.

“Баятан” ресторанындагы кыз узатуу тоюна 60 адам катышкан. Кара-Суу райондук ички иштер бөлүмүнүн жана райондук санитардык-эпидемиологиялык станциянын өкүлдөрү мекеменин администрациясына 10 миң сом айып пул салып, ресторанды 15 күндүк карантинге жабышты. Бир жума мурун 50 киши катышкан той болуп, администрациясына эскертүү берилип, 3 миң сом айып пул салынган” – деп билдирди Жеңиш Аширбаев.

Ал белгилегендей, тойду кызын Бишкек шаарынын тургунуна берип жаткан Алай районунун Т.М. аттуу жараны өткөргөн.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 9 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: