Ош облусунун адамдар көп барган аймактарында залалсыздандыруу иштери үзгүлтүксүз жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.
2020-жылдын 5-июль күнү коронавирус илдетинин жайылып кетүүсүнүн алдын алуу максатында Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри Замирбек Аскаровдун тапшырмасынын негизинде КР ӨКМнин Ош облусу боюнча башкармалыгынын райондук бөлүмдөрүнүн кызматкерлери тарабынан облустун аймагында залалсыздандыруу иштери жүргүзүлүүдө.
Тактап айтканда, Алай районунун Гүлчө айылындагы борбордук кичи базарына, тез тамактануучу жайларга, ашканаларга, дүкөндөргө, дарыканаларга хлор аралашмасы чачылды. Жалпы 4000 м² аянт жер дезинфекцияланды.
Кара-Кулжа районунун Кара-Кулжа айылындагы Архитектура, Салык, Госрегистр ишканаларында, Автобекетте, борбордук базарда залалсыздандыруу иштери жүргүзүлдү. Жалпы 1 200 м² имарат ичтери, 10 800 м² сырткы жер аянттары залалсыздандырылды.
Ошондой эле, Ош облусунун райондук ӨКБ тарабынан райондук деңгээлдердеги шаарлардын ички чарбалык жолдорунда, анда жайгашкан банк, дарыкана, мекеме ишканаларда жана кичи базарларда залалсыздандыруу иштери менен бирге, үн чыгаруучу аппараттын жардамы менен илдетке каршы түшүндүрүү иштери улантылууда.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ