Жеңишбек Абитов Бишкек шаарындагы Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын башчысы болуп дайындалды. Бул тууралу укук коргоо органдарынын кызматкерлери билдирүүдө.
Буга чейин Ленин райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысынын милдетин Чыңгыз Керимкулов аткарып келген, ал Сокулук районунун ички иштер бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды.
Белгилей кетсек, милициянын полковниги Жеңишбек Абитов буга чейин Панфилов РИИБнин жетектеп келген.
Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ