Menu

Мурдагы саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев суракка чакырылды

Бөлүшүү:

Мурдагы саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматка (Финансы полициясы) суракка чакырылды.

Мекеменин басма сөз кызматынан билдиришкендей, сурак коррупция жана айрым фармацевтикалык компаниялардын кызыкчылыктарын колдоо фактылары боюнча Саламаттык сактоо министрлигинин кызмат адамдарына карата башталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында жүргүзүлүүдө.

Өткөн жумада финполиция президенттин тапшырмасы менен жеке коргонуу каражаттарын жана медициналык беткаптарды сатып алуу боюнча 2020-жылдын февралында өткөрүлгөн тендерлерди текшергени кабарланган. Текшерүүнүн жыйынтыгында аныкталган фактылар Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, соттук өндүрүш башталган.

«ПолитКлиника» онлайн-медиасы 1-июлда медициналык каражаттарды сатып алууга байланыштуу иликтөө жарыялаган. Ага ылайык, 163 млн. 974 миң 315 сомдук тендер уюштуруу пландалган. Жалпысынан 2136 тендер өтүп, анын ичинен 1075 тендер ишке ашырылган. Ишке ашкан тендерлердин жалпы суммасы 116 млн. 607 миң 925 сомду түзгөн. Жарыяланган 2136 лоттун 46% түз келишим түзүү жолу менен өткөн.

Иликтөөдө мамлекеттик сатып алуу иштеринин ичинен жеке коргонуу каражаттары менен беткаптардын баалары талдоого алынган. Анда базар баасы эки миң сомдон ашпаган жеке коргонуу кийими алты миң сомдон, респиратордук беткаптын бир даанасы 300-400 сомдон алынган. Бирок маскалардын базар баалары 30 сомдон 150 сомго чейин экени иликтөөдө көрсөтүлгөн. Баасы он сомдон ашпаган бир жолу колдонулуучу масканын бир даанасы дүңүнөн 25 сомдон алынганы белгиленген.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: