Menu

Ош шаарында коронавирустан улам каза болгондордун сөөгү кандай шартта жерге берилери айтылды

Бөлүшүү:

Ош шаарында жаңы көрүстөн ачуу керек. Бул тууралуу жарандарды тейлөө бюросунун жетекчиси Сабыржан Калмаматов журналисттерге билдирди.

Анын айтымында, эпидемиологиялык кырдаалдын начарлашына жана коронавирустун кесепетинен каза болгон жарандарды жерге берилишинен улам көрүстөн казуучуларынын иши татаалдашкан. Оорудан улам каза тапкандарды түн ичинде жерге берген учурлар да болгон.

“Бул COVID-19дан каза болгон жарандардын сөөктөрү белгилүү бир убакыттын ичинде көмүлүшү керек деген шартка байланыштуу. COVID менен ооруп, каза болгондордун сөөктөрү өлүкканага жеткирилип, ал жактан жуулуп, андан соң эки кабат полиэтилен пленкасы менен оролот. Ысык аба-ырайында полиэтилендеги бактериялардын саны 2-3 эсе көбөйөт. Буга байланыштуу, жайында бир сааттын ичинде сөөктү көмүү керек. Коронавирустан көз жумгандар дароо өлүкканадан көрүстөнгө жеткирилет. Коронавирус менен ооруган бейтаптарда өлүмдүн алгачкы эки учуру катталганда, алар түн ичинде жерге берилген. Бирок, эл муну өлүмдүн саны көбөйгөндүктөн сөөктөр түн ичинде көмүлүп жатат деп ойлобошу керек. Мындай кадам вирустун жайылышын алдын алуу максатында жүргүзүлүүдө” – деп билдирди Сабыржан Калмаматов.

Анын айтымында, коронавирустан каза болгондор үчүн көрүстөн кадимки көрүстөнгө салыштырмалуу 1-2 метрге тереңирээк казылат. Сөөктү жерге берүү укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин жана медициналык кызматкерлердин көзөмөлү астында жүргүзүлөт. Андан кийин кызматкерлердин кийген коргоочу кийимдери жеринен өрттөлөт.

Бүгүнкү күндө Ош шаарында 13 көрүстөн бар, алардын ичинен 6 көрүстөндө орун бар. Калган 7 көрүстөндө бош орун жок.

“Ош шаарында жаңы көрүстөндү ачуу үчүн 50 гектар жер талап кылынат. Бул маселе боюнча биз шаардык кеңешке кайрылдык. Жакында жаңы көрүстөндү ачуу үчүн 2 гектар жер бөлүнүп берилди. Ош шаарында бир сөөктү көмүү үчүн мамлекет 449 сом бөлүп берет. Маркумдун туугандары көрүстөндү казгандарга акы төлөшөт, туруктуу суммасы жок, мүмкүн болушунча төлөшөт” – деп кошумчалады Калмаматов.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 98 − 91 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: