Жасалма дем алдыруу аппараттары сатылып алынууда. Бул тууралуу КРнын саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.
«Акыркы жуманын ичинде, Кытайдан 500 көчмө кылкылтек концентратору, ал эми Түркиядан 50 концентратор сатылып алынып, стационарларга бөлүштүрүп берилген. Жалпы, 1064 ИВЛ аппараты жана кычкылтек концентратору келген. Мындан сырткары, 191 пульсоксиметр Бишкек шаары боюнча таратылып, кечээ келген дагы 2000 пульсоксиметр республика боюнча бөлүштүрүлөт”, – деп билдирди КР ССМ Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ