Menu

Түркмөнстанда полиция үн күчөткүч менен жарандарга беткап тагынуу керектигин эскертүүдө

Бөлүшүү:

13-июлда Түркмөнстандын Саламаттык сактоо министрлиги «абада чаң көп болуп жаткандыгына байланыштуу» жарандарды беткап тагынууга жана социалдык аралыкты сактоого чакырды.

Мекеме абада чаңдын көп болушу «адамдын ден соолугуна, биринчи кезекте дем алуу системасына жагымсыз» экенин эскертти. «Жарандарга кеминде бир метрлик аралыкты, жеке гигиенаны сактоону, кондиционердин алдында отурбоону жана муздак суу ичпөөнү сунуштайбыз. Анткени мунун баары дем алуу жолдорундагы өнөкөт ооруларды козгошу мүмкүн», — деп жазылган министрликтин билдирүүсүндө.

Turkmen.news сайтынын маалыматына караганда, жол полициясы үн күчөткүч менен жарандарга беткап тагынып жүрүү керектигин эскертүүдө. Мындан тышкары тартип сакчылары Ашхабаддын кире бериштеринде айдоочулар менен жүргүнчүлөрдү текшерип, беткабы жокторго 1 манаттан (0,2 доллар) сатып алууну сунуштап жатышат. Ошол эле маалда Түркмөнбашы шаарынын кире беришинде айдоочуларга беткаптар бекер берилип жатканы кабарланууда.

Түркмөнстандын бийлиги дале болсо өлкөдө коронавирус менен ооругандар жок экенин билдирип келет. Буга чейин журналисттер өлкөдө COVID-19 жана пневмония менен ооругандар жөнүндө бир нече жолу кабарлашкан. Turkmen.news сайты Ашхабадда «Беркарар» соода борбору жана «Толкучка» базары карантинге жабылганын, өлкөдө беткаптар менен дезинфекциялык каражаттыр жетишсиз болуп жатканын жазды.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 3 = 4

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: