Menu

Президент Сооронбай Жээнбеков: Күзгү парламенттик шайлоолор Конституцияда аныкталган мөөнөттө өткөрүлөт

Бөлүшүү:

«Күзгү парламенттик шайлоолор Конституцияда аныкталган мөөнөттө өткөрүлөт. Мен буга тийиштүү Жарлыкка кол койдум. Борбордук шайлоо комиссиясы мыйзам алкагында ишин баштады», — деп баса белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти  Сооронбай Жээнбеков  бүгүн, 18-июлда Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын «Биринчи радиого» берген маегинде.

Мамлекет башчысы  шайлоо өтпөшү керек деп, бүгүн куру популизм менен алек болуп жаткан партиялар баш болуп каттоодон өткөнүн белгиледи.

Буга байланыштуу Президент Сооронбай Жээнбеков

«Ата мекен» жана «Республика» партиясынын квотасы менен дайындалган Борбордук комиссиянын мүчөлөрүнө жана ушул партиялардан шайланып, иштеп жаткан депутаттарга, ушул партиялардан кайра депутат болуп келем деген саясатчылар жана алардын күйөрмандарына кайрылды.

«Саясат менен ашкере алектенип, элди шайлоого байланыштуу маселеде адаштырууну токтотууга чакырам. Бул Конституцияда каралган маселе. Жок дегенде ушундай кыйын кырдаалда жигитчилигиңерди көрсөтүп, саясий күрөштү мыйзам алкагында алып барууга үндөйм.

Мамлекеттин тагдырын, элдин тагдырын оюнчук көрүүгө эч кимге укук берилген эмес», — деп баса белгиледи Президент.

Ал шайлоо учурунда чыгымдарды азайтуу боюнча тиешелүү тапшырмалар берилгенин кошумчалады.

«БШК Өкмөт менен бирдикте пандемия шартында шайлоону өткөрүүнү караштырып жатат. Негизгиси эл саламаттыгына кедергисин тийгизбөө жагын карап жатышат.

Бардык мамлекеттик органдар, Өкмөт, БШК, жергиликтүү бийлик, мен башында туруп, бардык партияларга, бардык катышкан жарандарга бирдей шарт түзүп беребиз», — деп белгиледи Мамлекет башчысы.

Сооронбай Жээнбеков мамлекеттик бийликтин социалдык-экономикалык багыттагы максаттардан тышкары саясий да милдеттер бар экенин эске салды.

«Ооба, азыр ар бирибиз өзүбүздүн, балдарыбыздын, ата-энебиздин ден соолугун ойлоп, сарсанаабыз. Аны мен түшүнүп, баарын билип турам. Негизги түйшүгүбүз ушул болуп калды. Бир жагынан дары-дармек тартыштыгы, экинчи жагынан дарыгерлерибиз жетишпей, негизги түйшүгүбүз ушул болууда.

»Кайдагы шайлоо, кайдагы саясат« деген суроо азыр  жөндүү болуп, айрым мекендештерге жагып жатат, анткени кырдаал ошондой болууда.

Бирок, урматтуу мекендештерим, президент катары айтам, баардыгы өз убагында аткарылышы керек. Кандай гана кыйынчылыктар болбосун, эртеңкини унутууга акыбыз жок. Ошонубуз менен элбиз, ошонубуз менен укуктук мамлекетпиз», — деп белгиледи Мамлекет башчысы.

Президент Сооронбай Жээнбеков баса белгилегендей, азыркы кезде көпчүлүк мекендештер бийликти сындоодо. Андан да көпчүлүгү вирус менен күрөшүүгө жардам берип жатат. Мамлекет башчысы белгилегендей, алардын  ушул жаратмандык позицияларына таазим жана бардык  саясатчыларды алардан  үлгү алууга чакырды.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 3 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: